Сокулуктагы «Равза» медресесинен 14 окуучу ширетүүчү кесибине ээ болушту

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин окуучулары диний билим менен биргеликте, ширетүүчү кесибине да ээ болушту.

Аталган окуу «Медресе окуучуларын кошумча шыкка окутуу» долбоорунун алкагында «Авеп» коомдук уюму тарабынан уюштурулуп, каржыланган.

Кесиптик окууну 14 окуучу ийгиликтүү аяктап, акырында сынактан өтүшүп, атайын сертификаттарга ээ болушту. Сынакты фонддун өкүлдөрү, билим окутуу фондунун директору Азамат Абдылдаев, шеритүүчү кесиби боюнча окуткан Рамис Жусупов, «Равза» медресесинин мүдүрү Ускенбай ажы Каландаров жана медресе мугалимдери алышты.

«Окуучулар бир гана диний билим менен гана эле чектелип калбастан, жаш муунга кам көрүп, алар бир кесиптин ээси болуп калсын деп долбоорго салымын кошкон Муфтиятка, «Авеп» коомдук фондуна жана Билим окутуу борборунун жалпы жамаатына медресебиздин жана ата-энелердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да биргелешип иш алып барууну уланта бермекчибиз»-деди «Равза» медресесинин мүдүрү Ускенбай ажы Каландаров.