Курман айт намазы жогорку деңгээлде өткөрүлдү (фотобаян)

Бүгүн, 11-августта таңкы саат 7:45те Бишкек шаарындагы эски аянтта миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Курман айт намазы окулду. Айт намазга эл таңкы саат 5тен тарта чогула баштап, 6:15ден тарта Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасынын аалымдарынын баяндарына күбө болушту.

Ал эми айт намаздын расмий бөлүгү 7:15те башталып, Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Диний баалуулуктар, Курман айт пазилети” деген темада баяндама жасап, калың кыргыз элин улуу Курман айт майрамы менен куттуктады.

Ал эми 7:35те КР Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев өлкө башчынын жана өзүнүн куттуктоосун айтса, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Бишкек  шаарынын мэри Азиз Суракматов майрамдык куттуктоолорун жана каалоо-тилектерин айтышты.

Андан соң Курман айт намазы окулду.