Чүй облусунда мечиттерди каттоодон өткөзүү маселеси талкууга алынды

Кечээ, 13-августта Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Чүй облусунун мусулмандар казыятынын демилгеси менен, аймактагы мечиттерди каттоодон өткөзүүдө туулуп жаткан маселелерди жоюу иретинде жыйын болуп өттү.

Жыйынды ДИМКнын өкүлү Адилет Байгазиев жана Чүй казыятынын мечиттер жана курулуш бөлүмүнүн адиси Элизар Ажыбаевтер жана Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунун имам хатибтери жана бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары катышты.

«Чүй облустук казыятына караштуу каттоодон өтө элек мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүдөгү жаралып жаткан тоскоолдуктар, тоскоол жаратып жаткан маселелерден кантип чыгуу, мечиттерди кандай жолдор менен тездетип каттоодон өткөрүүгө болот деген суроолордун айланысында талкуу болду. Ага 100дүн айланасында имамдар катышып, аларга мечиттен каттоо боюнча талаптар коюлду»,-деди мечит жана курулуш бөлүмүнүн адиси Элизар Ажыбаев.

Эскерте кетсек бул жыйын Чүй облусунун мусулмандар казыятынын борбордук мечитинде болуп, кийинки жыйын 12-сентябрь, 11:00 до казыяттын борбордук мечитинде өтмөй болду.