Демөөрчүлөрдүн жардамы менен Кун-Туу айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү элге таза суу чыгарылууда

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кун-Туу айыл өкмөтүндө демөөрчүлөрдүн жардамы менен жергиликтүү тургундарга таза суу чыгарылууда.

Бишкек шаарындагы «Азирети Умар» мечитинин имам хатиби Ахунжанов Шахабидин ажынын демилгеси менен Кун-Туу айыл өкмөтүнө караштуу бир катар айылдарда сооптуу иштерди каалаган жарандардын демөөрчүлүгү менен таза суу чыгарылып, элге берилүүдө.

Анын айтымында, демөөрчүлөр ар бир квартал сайын бир нече таза сууну чыгарып жатат.

“Биз колдон келишинче аракет кылып, демөөрчүлөрдү тапканга аракет кылып келебиз. Арыз менен кайрылгандарды карап чыгып, мүмкүн болушунча эң муктаж болгон айылдардан баштап жатабыз”,-деди Шахабидин ажы Ахунжанов.

Белгилей кетсек, Кун-Туу айыл өкмөтүндө жалпысынан 7325 калк жашайт. Шаарга жакын болушканы менен көп жылдан бери таза маселеси чечилбей келгендиктен жергиликтүү тургундар демөөрчүлөрдөн жардам сурап кайрылышкан. Бүгүнкү күндө Совет айыл таза суу менен камсыз болуп, элдин кубанычында чек жок.