«Ыйман» маданий комплексиндеги мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Ыйман» маданий комплексиндеги мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан колдонулууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-августа аталган мечиттин имам хатиби Рыскулов Ниматилла ажы билдирди.

Анын айтымында, эки жылдан ашуун убакыттан бери мечитти кайра оңдоо иштери жүргузүлгөн.

“Өрттөн кийинки тазалоо иштеринен тартып мечит кайра толук бүткөнгө чейин элибиз жардам берди. Кээ бирлер соопчулук үчүн кара күчү менен иштеп беришти. Анан көпчүлүгү жалпы элдин билишин каалабастан эле купуя соопчулук үчүн жардам кылышты. Бүгүнкү күндө негизги намаз окула турган жер колдонууга берилди»- деди Ниматилла ажы Рыскулов.

Эскерте кетсек «Ыйман» мечити 2017-жылдын 18-майында тилсиз жоого дуушар болуп, жараксыз абалга кептелген эле.