Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү (ФОТО)

Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти. Ажыларыбыз учурда кетүүгө камылга көрүшүүдө. 17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош  багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат.

 «Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Азыркы мезгилде 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылардын мекенибизге кайтуу рейстерин такташууда. Быйыл ажылык ишин жогорку деңгээлде уюштурууга бардык күч аракетибизди жумшадык. Ажыларыбыз мамлекет, элибиз, жерибиз үчүн дуа кылышып, Жараткандан жакшы тилектерди сурашты»,-деди ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Замир каары Ракиев.

-Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу  атайын автобустар уюштурулуп, алар 25-августка чейин өз иштерин улантат.

-Ажылыр үчүн 2 маал ысык тамак каралып, ажылыкты туура аткаруу боюнча атайын сабактар уюштурулду.

-Ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинин өкүлдөрү тарабынан коопсуздук эрежелери боюнча атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

-Ажы башчыларга ажыларга кызмат көрсөтүү, коопсуздук жаатында окутууларды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турду.

-Ажылыкты уюштуруу штабы Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө жана Жамаратка (шайтанга) таш атууда Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги тарабынан берилген графикти так сактап, бардыгын өз учурунда көзөмөлгө алышты.

-Арафат өрөөнүндөгү чатырлар жаңыланып, заманбап аба үйлөгүчтөр коюлду.

-Муздалифа өрөөнүндө ажылар үчүн атайын килемдер төшөлдү.

-Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылардан кабар алып, аларга ажылык боюнча баяндама жасады.

-КРнын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген 16 дарыгер 24 саат иш алып барышууда

-Мекке шаарында кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын көзөмөлдөп туруу үчүн атайын 3 медициналык пункт иш алып барып,  2 тез жардам унаасы иштеди.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.