Чүй облусундагы мечиттерде курмандык чалынып, 2000ден ашуун үй-бүлөгө эт таратылды

Курман айт күндөрү Чүй облусунун казыяты жана Чүй облусундагы мечиттерде курмандык чалам деген жарандар жана кайрымдуулук фонддордун колдоосу менен курмандык чалуу иш-чарасын уюштурду.

Чүй облусундагы мечиттерде орто эсеп менен алганда 60ка чукул бодо мал, 600гө жакын кой, эчки союлуп, 2000ден ашуун үй-бүлөгө, майыптар үйлөрүнө, жетимдер үйлөрүнө таратылды. Бул күндөрү союлган малдын эттери менен эле чектелбестен майрамдык маанай тартууланып, жаш балдарга белектер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр таратылды.

Бул иш-чарага «Адеп-Башаты» прогрессивдүү фонду, «Ас-Салам», «Ас-Софа», «Ас-Санабил» кайрымдуулук фонддору, «Токмок-Биримдик» коомдук бирикмеси жана айыл өкмөттөр колдоо көрсөткөн.

«Мындай соопту ишке салым кошкон жарандарыбыздан жана ошондой эле кайрымдуулук фонддордон Кудай Таалам ыраазы болуп, эч нерседен кем кылбасын. Соопту иш-чаранын үзүрүн бул дүйнөдө да, акыретте да көрүшсүн», — деди Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов.