Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын Россия Федерациясындагы өкүлү болуп Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды

 

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын Россия Федерациясындагы өкүлү болуп Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды.

Мындан ары Сүйүнбек ажы Жусубалиев эки элдин ынтымагын бекемдөө жана ал жакта эмгектенген кыргызстандык мекендештерибизге динди туура жеткирүү боюнча бир катар иштерди алып бармакчы.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 25-августта жана 29-августа Сүйүнбек ажа Жусубалиев Россиянын Иркутск, Якутск шаарында эмгектенген кыргызстандык мекендештер менен жолугушууларды өткөрмөкчү.