КМДБнын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов жана КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев Иркутск, Якутск шаарындагы мекендештер менен жолугушат

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов жана КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев Орусиянын Иркутск, Якутск шаарында эмгектенген мекендештерибизден кабар алып, алар менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

Жолугушууда дин аалымдары мекендештерибизге ыйман, адеп-ахлак, адал ырыскы, мекенди сүйүү, үй-бүлөнү сактоо, ата-энени урматтоо, элди ынтымакка жана биримдикке чакыруу боюнча баяндамаларын жасамакчы. Аталган жолугушуу КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев тарабынан уюштурулмакчы.

Жолугушуу өтүүчү жайдын даректери:

25-август күнү — Иркутск шаары Карл Либкнехта көчөсү №86 дарегиндеги мечитте саат 17:00дө;

29-август күнү- Якутск шаары Пирогова көчөсү №4 дарегиндеги мечитте саат 19:44дө өтөт.