Октябрь айылында 60 окуучу Куран жаттап, алар үчүн конкурс уюштурулду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылынын имамы Сайдивали Байтеитовтун демилгеси менен айылдагы 60 бала Куран окуп, намаз үйрөнүп, аз болсо да өздөрүнө жараша диний билим алышып, адеп сабактарын да окушту.

Бул сабак 2,5 айга созулуп, таалим-тарбия алган жаш балдар төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишти:

  • 7 бала 1 пара Куран толугу менен жатташты
  • 15 бала жарым пара
  • 14 бала 16 сүрө жатташты
  • 14 бала 10 сүрө
  • 10 бала арап алипесин аяктап, Куран жаттоого киришти

Айыл имамдын жана жергиликтүү жамааттын колдоосу менен, алардын ортосунда кыскача конкурс уюштурулуп, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

«Жаш муун – бул биздин келечек. Келечегибиз кенен болсун десек, жаш муундун илимдүү, адеп-ахлактуу болуусуна талыкпай эмгек кылышыбыз керек. Жаш кезинен тарбияласак, Кудайым буюрса кийин алардын жакшылыктарын гана көрөбүз. Мына ушинтип аз болсо да, айылдагы балдарды чогултуп, аларга Куран жаттатып, адеп-ахлак сабактарын да бердик. Алардын ортосунда конкурс уюштуруп, баалуу сыйлыктар менен сыйладык. Балдар да, ата-энелер да абдан ыраазы болушту. Буюрса бул иш-чарабызды токтотпостон уланта бермекчибиз»-деди айыл имамы Сайдивали Байтеитов.