Ош шаарында биринчи жолу  көзү азиздердин арасында Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 20-августта Ош шаарынын борбордук  “Имам аль-Бухарий-Алай”  мечитинде Ош шаарындагы көзү азиздердин арасында “Курани Карим” жарышы жазуу, китеп окуу (колдун жардамы менен)  жана жатка окуу боюнча сынак болду.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев жана Ош шаарынын мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдуллазиз Абдурахманов жана мугалимдер, ата-энелер катышты.

Сынакка 20га жакын талапкер катталып, жогорудагы 3 сынак боюнча 6 бала катышып, атайын казыят тарабынан түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана мактоо баракчасы тапшырылды.