Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев имамдарга жолугуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди

SONY DSC

Бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Кашат айылынын мечитинде жалпы имамдарга жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда КМДБ жана облустук казыят тарабынан келген буйруктар боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат алып, ар бир имамдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары диний терс агымдар менен күрөшүүдөгү аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп, диний кырдаал туурасында талкуу болуп, зекет жана үшүрдүн пазилетин элге кеңири жайылтып жана мечиттердин тазалыгын сактоо тапшырмасы берилди.

Ошондой эле имамдарга “Нике жана нике кыйуудагы маселелер” аталышта айлык сабак өтүлүп, алдыда аткарыла турган иштерди талкууга алды.