Түп айылында 200 орундуу мечит пайдаланууга берилди

Бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында  200 адамга ылайыкташкан жаңы мечит бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Мечиттин ачылышына Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев,  демөөрчүлүк кылган фонддун өкүлү доктор Каид, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл эли катышты.

«Мечитти урматтап, сыйлап, элибизди ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болууга үндөп, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруубуз  зарыл»,-деди Бакыт ажы Кайкиев.  

Эскерте кетсек, аталган мечит “Ар-Рошид” кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, бүткөрүлгөн.