Баткен облусунан ажылык сапарына кеткен ажылардын алгачкы тобу 23-август күнү мекенибизге кайтып келет

Баткен облусунан ажылык сапарына кеткен ажылардын алгачкы тобу 23-август күнү мекенибизге кайтып келет.

Жеринен билдирген ажы башчылардын айтымында, учурда мекендештерибиздин ажылык амалдары аяктап, кайтууга камылга көрүүдө. Ажылардын маанайы жакшы, Мекке шаарындагы Жидда аэропортунан мекенибизге учуп, 23-август күнү таң эрте «Ош» эл аралык аба майданына келишмекчи.

Эскерте кетсек, быйыл ажылык сапарына Баткен облусунан 488 жаран кеткен.