Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов Жайыл районунда көчмө жыйын өткөрдү

Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов хатибияттардын ишмердүүлүгү менен таанышып, Жайыл районунун хатибиятында көчмө жыйын өткөрдү.

Аталган көчмө жыйынга Чүй казыятынын кызматкерлери жана Чүй облусунун баш имам хатибтери катышты. Жыйын алгач бир айлык отчетторду угуу менен башталды. Казыяттын жана КМДБнын буйруктарын так жана өз убагында аткаруу маселеси талкууга алынып, буйруктарга кайдыгер кылып жаткан айыл имамдарына сөгүш берилди.

Ошондой эле Чүй облусунда кызуу жүрүп жаткан мечиттерди каттоодон өткөзүү маселеси ортого алынып, 12-сентябрь күнү мечиттерди каттоодон өткөзүү боюнча өтө турган чогулушка, облус боюнча бардык имамдардын катышуусун казы талап кылып, баш имамдарга буйрук берди. Ошону менен катар Аламүдүн районунда күч алып, көбөйүп бараткан салафий агымына чара көрүү маселеси да катуу каралды.

Жыйындын соңунда имамдарга бир канча буйруктар берилип, кийинки чогулушка чейин буйруктардын бардыгын ишке ашыруу тапшырмасы берилди.