Чүй облусунун казысы Бишкек шаарындагы № 47 колонияга азык-түлүк тапшырды

Бишкек шаарындагы № 47 жаза мөөнөтүн аткаруу мекемесине Чүй облусунун казыяты тарабынан азык-түлүк таратылды.

Аталган иш-чара Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагуловтун демилгеси менен өтүп, ал жерде жаза мөөнөтүн өтүп жаткандарга 13000 сомдук азык-түлүк тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында Чүй казысы № 47 колониянын жетекчилери менен жолугуп, алардын иштерине ийгиликтерди каалады.