Ош шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы колледжинин жыйындар залында 4-14 жашка чейинки жаш балдар арасында Куран жарышы болуп өттү.

Куран жарышка 76 бала катышып, алар сынак учурунда 30 сүрөөнү жатка айтышып, көркөм окушту.

Калыстар тобунун чечиминин натыйжасында 1-2-3 орундар аныкталып, демөөрчүлөр тарабынан атайын даярдалган мактоо баракчалары жана баалуу белектер ыйгарылды. Ал эми жалпы катышуучуларга  кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз ажы Абдурахманов, КИУ Ош колледжинин директору Калыков Заирбек жана ата-энелер катышты.

Куран жарышы КИУнун Ош колледжи жана “Жаш демилге” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.