Тынчтык жаңы конушундагы «Чоюбек уулу Керималы» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы Тынчтык жаңы конушундагы «Чоюбек уулу Керималы» мечити аталган мечиттин имам хатиби Майрамбек Маматовдун демилгеси менен толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ибадат кылууга келген момун мусулмандар үчүн ыңгайлуу толук шарттар түзүлүп, аны жергиликтүү тургандар өз каражатынын эсебинен жүргүзгөн.

“Биздин Тынчтык конушу шаардын чет жагында жайгашкан. Жамаатыбыздын көпчүлүгү убактылуу шаарда иштегени келип жашап жаткандар. Бирок, ага карабастан соопчулук үчүн баары колдон келген аракетин жасашып мечитибизди абдан ыңгайлуу кылып жасап алдык. Жамаатыбыздын ар биринин кошкон салымын Аллах Таала акыретте эселеп берген болсун»,-деди Майрамбек Маматов.