Аалымдар Кеңешинин кезектеги кварталдык жыйыны өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги кварталдык жыйыны болуп өттү. Жыйынга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана АКнын мүчөлөрү, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КМДБнын бөлүм башчылары, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү катышты.

Жыйында  «Ислам Вакф» фондусунун уставын  иштеп чыгуучу жумушчу топтун жетекчиси, төрага орун басары Арипов Ниязали ажы фонддун уставын жалпы катышуучуларга кеңири түшүндүрүп, натыйжада  бир нече сунуштарды эске алуу менен «Ислам Вакф» фондусунун уставынын долбоору бекитилди. Арипов Ниязали ажынын айтуусунда, аталган фонд келечекте ишке кирсе, КМДБнын карамагындагы диний кызматкерлерди материалдык жактан колдоо, коомчулуктун аялуу катмарына жардам берүү, руханий, билим берүү жана таалим-тарбиялык өңүттөрүнөн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырмакчы.

Эске салсак, мындай фонддор көптөгөн өлкөлөрдө диний жааттагы ири долбоорлорду ишке ашырып, мусулмандарды ар тараптуу колдоого алып келет.

Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин кезектеги кварталдык жыйынында КМДБнын алдындагы диний окуу жайлардын окуу программасы бекитилди.