Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мамасабыр ажы Досболов «НАСЫЙКАТ» ордени менен сыйланды

Кечээ, 27-августта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев III даражадагы «НАСЫЙКАТ»  орденин аалымыбыз, ардактуу карыябыз, насаатчыбыз жана сыймыгыбыз, насааты төгүлүп, коомубуздун ыймандуу, адептүү жана ынтымакта жашоосуна эбегейсиз салымын кошуп келе жаткан залкарыбыз, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү  Мамасабыр ажы Досболовго тапшырды.

«Аалымдарыбыздын мээнеттери чоң жана баа жеткис.  Мамасабыр ажы элибизге насаатын айтып, илимий жолдо көптөгөн эмгектерди жараткан залкар аалым»,-деди Азирети Муфтий.