Жалал-Абад облусунун казыяты жаңы окуу жылына карата окуу борборлордун жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Кечээ, 27-августта Жалал-Абад облустук казыяттын жыйындар залында облус казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев облус аймагына караштуу окуу борборлордун жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйында 2019-2020-окуу жылына карата даярдыктар, окуу борборлор аралык ачык сабактардын ырааттамасын түзүү, иш кагаздарын тартиптештирүү, кыз-келиндер, аялдар арасында радикалдык көз караштардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, окуучулардан жана мугалимдердин бирдиктүү форма маселеси, катышуу-жетишүүнү каттоочу журналдарды туура пайдалануу, план конспектилерди, календардык пландарды, казыят тарабынан бекитилип берген окуу программасы боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүү тууралуу да ойлор ортого салынып, окуу борбордун жетекчилери тарабынан берилген суроолорго окуу бөлүмдүн адиси Арпидин ажы Жороев жооп берди.