Белгилүү дин аалымы Мамасабыр ажы Досболов жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязали ажы Арипов ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев «Дивани Хикмат» китебин кыргыз тилине которуп, илимий жолдо үзүрлүү эмгектенип келе жаткандыгы үчүн Борбордук Азияга таанымал аалым, жүздөгөн аалымдардын устазы, ардактуу аксакал ажы Мамасабыр Досбол уулуна жана илимдин доктору, ОШМУнун теология факультетинин окутуучусу, төраганын орун басары Ниязали ажы Ариповго «Диний билим берүү, таалим тарбия жана диний адабияттарды жайылтуу жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн» Аалымдар Кеңешинин ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Эскерте кетсек, «Дивани Хикмат» китебин Мамасабыр ажы Досболов жана Ниязали ажы Арипов которуп даярдашкан. Ал эми «Хадистердин негизинде Ислам» жыйнагы ОШМУнун теология факультетинин мугалимдери тарабынан которулган. Аталган китептердин экөөсү тең Түркия Диянет фондусунун каржылык көмөгү менен бастырылган.