Диний окуу жайлардын бирдиктүү окуу программасынын жаңыланып, толукталган долбоору тааныштырылды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги кварталдык жыйыны болуп өттү. Күн тартибине КМДБнын карамагындагы орто жана жогорку диний окуу жайлардын бирдиктүү окуу программасынын жаңыланып, толукталган долбоору тааныштырылды. Долбоор КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов тарабынан маалымдалган соң айрым толуктоолор жана сунуштар менен Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Жаштарга адеп-ахлактык, такыбаалык жана руханий өнүгүү өңүтүнөн пайдалуу болсун деген максатта Аалымдар Кеңеши бирдиктүү программага тасаввуф сабагын кошууну жана жергиликтүү аалымдар которуп чыгарган китептерди окутууну сунуш кылды.

Жаңыланган окуу программасы жөнүндө диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов буларды айтты:

«Бир нече маанилүү зарылчылыктардан улам толукталып кайрадан Аалымдар Кеңешинин кароосуна коюлган окуу программасы Кудай буюрса, токтом чыккандан кийин Азирети Муфтийибиз бекитип берсе, 2019-2020-жаңы окуу жылынын башында ишке киргизилет. Албетте бул толуктоолор, бул өзгөртүүлөр диний билим алып жаткан биздин жаштарыбыз үчүн сапаттуу, туура жана мазхабдык дагы, акыйдалык дагы негизде билим алганга шарт түзүп берет деген ишеничтебиз». 

Эске салсак, аталган долбоор сандан сапатка өтүү, жаштарга терең билим берүү жана мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепсиясын жүзөгө ашыруу максатында жаңыланууда.