Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Жараткан Алла Таала бизге эң кооз, керемет жерди буюруптур! Ушул ажайып кооз өлкөбүздөн  канчалаган залкар аалымдар ойчулдар, таланттар, тайманбас баатырлар, кайраттуу энелерибиз жашап өттү. Карт кылымды карыткан Кыргызстан мамлекетибиз быйыл эгемендүүлүктүн 28чи жылын белгилеп жаткан учуру. Ар бир элдин каада-салты, нарк насили, улуттук кийими, тили, маданияты, тарыхы болот эмеспи. Биздин эң баалуу мурасыбыз — бабалардан калган касиеттүү мекенибиз.  Мекенибиздеги ажайып кооз жайларды дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер келип, суктанып кеткендери канча. Кереметтүү жерибиздин, эгемендүүлүгүбүздүн кадырын, баркын, ыйыктыгын билели. Жараткан  Алла Таалам бизге дайыма эгемен эл бойдон калууну, куттуу элибиздин ар дайым ынтымакта, биримдикте жашоосун, берекелүү жерибизде түбөлүктүү тынчтыктын орноосун насип кылсын! Кыргызстан көп улуттуу өлкө болгондуктан алар менен дайыма достугубузду жана ынтымагыбызды бекемдешибиз маанилүү. Кудайыма шүгүр, калкыбыздын 90 пайызы мусулман. Бүгүн динибиздин эркиндиги сакталып, мечиттерибиз, диний окуу жайлар көбөйүп, жаштарыбыз ыймандуу болуп, билим алгысы келген атуулдарыбыздын саны өсүүдө. Бул дагы болсо Жараткандын колдоосу, эгемен өлкөбүздүн өнүгүп өсүүсү жана динибиздин элге туура жайылуусу.

Урматтуу мекендештерим, мусулман бир туугандарым! Келгиле, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө, мекенибиздин, элибиздин бакубат жашоосуна ар бирибиз салым кошолу. Кыргызстаныбыздын күн сайын эмес, саат сайын гүлдөшүнө, экономикабыздын өнүгүшүнө, кубаттуу мамлекетке айланышына ар бирибиз бар күчүбүздү жумшайлы жана аракетибизди кылалы. Балдарыбыздын, кийинки урпактарыбыздын жаркын келечеги үчүн жалпыбыз жапа тырмак киришип, акыл эстүү, билимдүү, ыймандуу муунду тарбиялап чыгалы.    Соопту амалдарды күчтөндүрөлү, салт-санаабызды сактоо менен Алла Таала көрсөтүп кеткен адал эмгек, акыйкат жолго багыт алалы. Жан дүйнөбүздү тазарталы, пейилибизди оңдойлу, кара курсактын кулу болбой, акыреттик жашоону ойлойлу.

Урматтуу мекендештер, мусулман бир туугандар! Алла Таала элибизди, жерибизди ар кандай жамандыктан сактап, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, өз жерибизге, элибизге жана мекенибизге тынчтыкты, бакубат жашоону Жараткан насип кылсын.

Баарыңыздарга амандык, жакшы жашоо каалайм! Эгемен өлкөбүздүн келечеги кеӊ болуп, гүлдөп өссүн!

 

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.