Москва районунун борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Чүй облусунун Москва районундагы «Бердалы» атындагы борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеевдин демилгеси менен болуп, Москва райондук хатибияты жана жергиликтүү жамааттын каржылоосу менен аяктады. Мечит толугу менен оңдолуп, дааратканасы да бүткөрүлдү.

Ошону менен катар аталган мечит чоң жолдун жээгинде болгондуктан, сапарга чыккан айымдар үчүн жылуу дааратканасы менен чогуу намазкана да курулду.

«Аллах Тааламдын жардамы менен мечитибизди бир сыйра оңдоп алдык. Эми мындан ары мечиттин айланасын да оңдоп-түзөө иштери пландалууда»-деди райондун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеев.