Кара-Суу айылында мындан ары спирт ичимдиктери сатылбайт

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айылында, айыл имамы жана айыл жаштарынын демилгеси менен  спирт ичимдиктери сатылбай турган болду.

Жергиликтүү айылдын жаштары дүкөндөрдөн 10 миң сомго ичимдиктерди сатып алып, талаага алып чыгып төгүштү.

«Арак-бул бардык жамандыктын ачкычы эмеспи. Эми мындан ары айылдагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбай турган болду. Бул демилгени айыл эли толугу менен колдоду. Айылдагы дүкөнчүлөр менен сүйлөшүүлөр болуп, алар да бул ишке каршы эмес экендиктерин билгилешти»,-деп Кара-Суу айылынын имамы Жолдош Алиев билдирди.