Бишкектеги «Жанбото Ата» мечитинин жамааты кургак учук илдети менен жабыркаган байтаптын абылын сурашып, акчалай жардам көрсөтүштү

Кечээ, 2-сентябрь күнү Бишкек шаардык казыятынын «Жанбото Ата» мечитинин жамааты мечитке жакын жашаган бейтаптарга зыярат кылышып, алардын ал абалдарын сурап, колдон келген жардамын берип кайтты. Бул тууралуу мечиттин имам хатиби Камилжан ажы Муратов билдирди.

Анын айтымында, бул жолу көп жылдан бери кургак учук оорусу менен жабыркап келген Бакытбек аттуу жигитке дары дармек үчүн аз да болсо жардамдарын көрсөтүштү.

«Мусулман адам колдон келген жардамын бериш керек. Хадисте маанисинде  айтылгандай, садаканын аз көбү болбойт. Эң негизгиси оорулуунун көңүлүн сурап, батаасын алып кайтуу. Биз бир нече айдан бери бул иш чараны улантып келе жатабыз. Буюрса дагы да уланта беребиз»,- деди Камилжан ажы Муратов.