Бишкектин Свердлов районун имамдары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Бишкектеги «Мусакан Төрө» мечитинде Свердлов районундагы мечиттин жалпы  имамдары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, мамлекеттеги кабыл алынган кээ бир жаңы мыйзамдар тууралуу пикир алышты.

Жыйындын жүрүшүндө мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү маселеси дагы каралды. Имамдар каттоо үчүн керектүү документтерди чогултууда жаралган ар кандай маселелер тууралуу суроолорун беришип, ДИМК кызматкерлеринен жеткиликтүү жоопторду алышты.

Жыйындын акырында үстүбүздөгү жылдын акырына чейин мүмкүн болушунча мечиттерди каттоодон өткөрүүнү тездетүү, биргеликте иш алып барып, коомчулукка, өзгөчө жаштарга таалим-тарбия жаатындагы түшүндүрүү иштерин жргүзүп туруу керектиги айтылды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов районунда 28 мечит бар.