Нарын казыятынын кызматкери «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды

31-август күнү майрамдык иш-чарага улай, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын облусунун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн «Нарын облусунун Ардактуу атуулу» наамы менен 57 кишини сыйлады. Анын ичинде Нарын казыятынын бухгалтери, жооптуу катчысы Жунушов Орозобек ажыга да «Нарын облусунун ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылып, ардактуу төш белги тагылды.

Бул сыйлык Жунушов Орозобек ажыга көп жылдар бою Нарын облустук казыятында эмгек сиңирип, бир канча казынын учурунда көптөгөн иштердин каржылык эсептерин жөнгө салып, катчылык милдетин мыкты аткарып, облустагы мечиттердин көрктөнүшүнө жана облустук тургундардын руханий байлыгына салым кошкону үчүн берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин 2017-жылы Жунушов Орозобек ажы «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы менен да сыйланган.

Нарын казыятынын жалпы эмгек жамааты Жунушов Орозобек ажыны алган сыйлыгы менен куттуктайт!