Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыковго “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылды

КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев облус казысы Алмазбек ажы Сагындыковго Ысык-Көл облусундагы зор эмгеги, коомдук-саясий турмушундагы кошкон өзгөчө салымын жогору баалоо менен «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарды.

Өкүлчүлүктүн жыйындар залында сыйлыкты тапшырып жатып, облус башчысы буларга токтолду.

«Облус Казысынын мындай сыйлыгы биримдикте, ынтымакта коомчулук менен иш алып барып жаткан бүтүн дин чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн сыйлыгы. Ыймандуулука, ынтымака, биримдике, ата-энени сыйлоого, табият менен таттуу мамиледе болууга ж.б таалим-тарбия жүргүзүүдө ар биринердин кадамынар бекем болсун»,-деди Акылбек Осмоналиев.