«7-апрель шейиттери» мечитинде 40 балага Куран окуу боюнча сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарындагы «7-апрель шейиттери» мечитинде июнь—июль-август айларында күн сайын Куран окуу боюнча сабак алган 40 бала толугу менен окуу курсун аяктап, сертификаттарга ээ болушту. 

Аталган мечиттин имамынын орун басары Таштемир ажы Эшматов  айтымында, бул жылы жакшы демилге болуп балдарга колдон келишинче сабактар өтулгөн:

“Балдар каникул учурунда такай билим алышып, аз да болсо диний сабаттуулугун жоюуга жетишти. Келечектеги жашоосунда аз да болсо пайдубал болуп берген болсо, биз максатыбызга жеткен болобуз. Бул жерде биздин мечиттеги Мураталы каары баштаган үч устаздын эмгеги зор экендигин баса белгилеп кетем. Эми мындан ары да ишемби, жекшемби күндөрү уланта беребиз»,-деди Таштемир ажы Эшматов.