“Жанбото Ата” мечитинин жамааты бөйрөк оорусу менен жабыркаган мусулман бир тууганга жардам берди

Бүгүн, 4-сентябрь күнү Бишкектеги «Жанбото Ата» мечитинин имам хатиби Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен мечиттин жамааты бөйрөк оорусу менен жабыркап келген мусулман бир тууганга акчалай жардам берди.

Үч жолу аппарат менен канды тазалоого жете турган каражат топтолуп, бейтаптын өз колуна тапшырылды.

Бул тууралуу Камилжан ажы Муратов: «Бул нерсе менен биз динибиздин жакшы тарабын көрсөткүбүз келет. Анткени Ислам дини кайрымдуулуктун жана ынтымактын дини болуп саналат. Балким бул каражат биз үчүн аз гана көрүнүшү мүмкүн бирок муктаж болуп жаткан киши үчүн бул өтө чоң жардам болуп эсептелет»,-деди ал. 

Эскерте кетсек, мындай соопчулук иш-чаралары дагы да улантылмакчы.