Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү Чүй облусунун дин кызматкерлери менен жолугушту

Кечээ, 4-августта Чүй облусунун администрациясынын жыйындар залында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Чүй облусундагы өкүлүнүн демилгеси менен облустун аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан Чүй облустук казыятынын түзүмүндөгү диний уюмдардын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болду.

Аталган жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Чүй облусундагы өкүлү Улук Акимов, ДИМКсынын экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Шүкүр Шерматов, Чүй ОИИБнын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Айбек Эрмаматов, Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери, Чүй облусунун баш имам хатибтери, Чүй облусундагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана айыл имамдар катышты.

Жыйында КРнын бузуулар кодекси жөнүндө маалымат, Чүй облусунда жайгашкан диний уюмдардын так тизмесин аныктоо иштери, мечиттерди каттоодон өткөрүү, диний билим берүүчү институт жана медреселердин ишмердүүлүгү жана аймактагы диний уюмдардын тизмесин жана жетекчилеринин бирдиктүү базасын түзүү туурасында талкуулар болуп, ар кандай сунуштар, сын пикирлер айтылды.

«Азыркы учурда облусубуздагы көйгөйлүү маселе мечиттерди каттоодон өткөзүү болуп жатат. Бул маселени жөнгө салууда мамлекеттик кызматкерлер каттоонун жеңил жолдорун түшүндүрүп беришти. Ошону менен катар казыяттын демилгеси менен өтүп жаткан казыят жана имам хатибтер менен болгон көчмө жыйынга ДИМКнын өкүлдөрү да катышмай болду»,-деди Чүй казыятынын мечит жана курулуш бөлүмүнүн адиси Элизар Ажыбаев.