Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков: окуучуларга таалим-тарбия сабагын жандандыруу керек  

Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков казыяттын кызматкерлерине жыйын өткөрүп, кирип келген жаңы окуу жылына карата билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, таалим-тарбия сабагын жандандыруу жана алдыда аткарыла турган иштерге токтолду.

“Жаңы окуу жылы башталгандыктан мектеп окуучуларына таалим-тарбия сабактарын уюштуруп, жаш өспүрүмдөрүбүздү ыймандуулука, ата-энени, мугалимдерди, улууларды сыйлоого, адептүүлүкө чакыруу менен бирге зына, чылым чегүү, талап-тоноочулук, ичимдиктин зыяндуулугу ж.б маселелер туурасында болгон сабактарды жандандыруу бирден-бир зарыл маселе”,-деди Алмазбек ажы Сагындыков.

Ошону менен бирге, хатибияттарда имамдар үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн тартиби туурасында тегерек стол, тренингдер уюштурулуп өткөрүлүшүн ар бир шаар-райондук баш имам хатибге милдеттендирди.