Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов үшүр-зекет туурасында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө  

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов жергиликтүү тургундарга үшүр-зекет туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Абдрахмановдун айтымында, ар бир мечиттин имамы элге зекет берүүнүн пайда-пазилети туурасында баяндарды жасоодо.

“Улуу Жараткан жерден алынган түшүмдөрдөн үшүр чыгарууну буйруган. Андыктан айылдарды кыдырып, элдин жашоосу менен жакындан таанышкан соң, үшүр-зекет берүүнүн пайда-пазилети туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Чогулган үшүр, зекет жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге жана медреселерге жардам катары берилмекчи”,-деди Асантур ажы Абдрахманов.