Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков мекенди коргоочуларга диний терс агымдар туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кечээ, 4-сентябрда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков Каракол шаардык чек-арачылар бөлүмүнүн жоокерлери менен жолугушуп, аларга экстремизм, терроризм,  терс диний агымдар, алардын коомчулукка, элге тийгизген терс таасири туурасында түшүндүрүү ишин жүргүздү.

Жолугушуу чек-арачылар бөлүмүнүн чоң жыйындар залында болуп, анда баш имам хатиб бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, элди-жерди коргоо, тынчтыкты сактоо иштеринин жоопкерчиликтери боюнча маалымат берди. Ал эми жоокерлер өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Талант ажы Сабиковго Каракол шаардык депутаттар кеңешинин жана Каракол шаарынын мэриясынын шаарга сиңирген эмгеги үчүн төш белги менен сыйланды.