Кара-Жыгач жаңы конушунда «Фирдаус» мечити кайрадан толук жаңыланып, пайдаланууга берилди

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда «Фирдаус» мечити кайрадан толук жаңыланып, жалпы шаар имамдарынын катышуусунда ишке берилди. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Расулбек ажы Сариев билдирди.

Анын айтымында, мечиттин орду 2014-жылдан тарта намазкана катары элге кызмат кылып келген. Жергиликтүү тургундун демилгеси менен ушул жылы намазкана мечит болуп чоңойтулуп салынган.

«Биздин мечит ушул убака чейин намазкана болуп эсептелчү. Жамааттагы жигердүү мусулмандардын демилгеси менен чоң  мечит болуп отурат. Негизи курулуш иштери улуу Рамазан айында толугу менен бүткөрүлгөн. Бирок, бүгүнкү күнү жалпы шаардагы имамдарды чакырып батаасын алып, пайдаланууга берилди»,- деди Расулбек ажы Сариев.