Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар Асатов имамдарды окуучулар менен биргеликте иш алып барууну милдеттендирди

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкектеги «Фирдаус» мечитинде Бишкек шаарындагы жалпы имамдардын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар Асатов ажы катышып, имамдарга бир катар тапшырмаларда берди.

Айрыкча жаңы окуу жылында ар бир имам мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайынын студенттери менен биргеликте иш алып барып, мечиттерди каттоодон толугу менен өткөрүүнү милдеттендирди.

Мындан тышкары ар бир имам ай сайын иш-чараларды өткөрүп туруу тапшырмасы берилди.