Ош  облустук казыятында эктремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 5-сентябрда Ош облустук казыятында экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Ош облустук улуттук коопсуздук комитетинин  экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы жана орун басары,  казыят кызматкерлери, жана райондук баш имам хатибдер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тийишттүү мамлекеттик органдар тарабынан акыркы учурларда Сирияга кеткендер эмес ал жактан кайра кайткандар  көбөйгөнүн белгилешип, алар келгенден кийин бул жакта кандай иш алып барууда эмне менен алек болууда ушул маселеде чогуу иш алып барууга чакырышты. Мындан тышкары акыркы учурларда Кара-Суу районунда салафий агымы жайылгандыгына токтолушту.

Ал эми облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев бул боюнча райондун баш имам хатибтери менен тыгыз иш алып  барып жаткандыгын жана ошондой эле мечит жамаатарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.