Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө студенттердин санына эмес, билим берүүнүн сапатына көңүл бурууга чакырды

Бүгүн, 6-сентябрда Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев калаадагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүн кабыл алды.

Анда Ош шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү 2019-2020-окуу жылына карата канча студент кабыл алынгандыгы жана студенттерди кабыл алуу сынагы кандай түрдө өткөрүлгөндүгү тууралуу кыскача маалымат беришти.

Ал эми казы Убайдилла ажы Сарыбаев мүдүрлөргү окуучулардын, студенттердин жүрүм-турумун оңдоо, өндүрүштүк практикаларын мечиттерге жөнөтүү, студенттердин санына эмес, билим берүүнүн сапатына көңүл бурууга милдеттендирди.