«Мекке» мечитинин имам хатиби Урмат Султанов окуучуларга кичи футбол мелдешин өткөрдү

Бишкек шаарынын казыятынын «Мекке» мечитинин имам хатиби Урмат Султанов каары бүгүн, 6-сентябрь күнү мектеп окуучулары менен биргеликте кичи футбол боюнча мелдеш өткөрдү.

Балдарды ынтымака, достукка жана бир туугандыкка чакырган мелдеш мындан ары дагы уланмакчы. Ошондой эле жайкы каникул учурунда Куран окууну үйрөнүп чыккан эң алдыңкы окуучуга Ыйык Куран китебин белек катары тапшырды.

“Адам баласы жаш кезекте кандай азык менен азыктанса чоңойгондо ошондой мөмө берээри анык. Андыктан келечек ээлерине аз да болсо руханий азыктан бергенге аракет жасап жатабыз. Мечит менен, дин менен достошуп, жашоосунда ислам орносо деген гана тилектерибиз бар»,- деди  имам хатиб Урмат Султанов.