Баткен облусунун имамдары “Өзгөчө кырдаалдарда дин кызматкеринин ролу” аттуу семинарына катышат

Ушул жылдын 10-11-сентябрда Ош шаарынын “Санрайс” мейманкансында “Өзгөчө кырдаалдарда дин кызматкеринин ролу” аттуу окуу семинары өткөрүлөт.

Иш-чарага Баткен облусунун аймагынан жалпы 15 дин кызматкери катышып, өзгөчө кырдаалдар учурунда тийиштүү чараларды көрсөтүү боюнча билим деңгээлин жогорулатмакчы.

Окуу семинары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасы, түштүк аймагындагы казыяттар жана Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Ай коому менен биргеликте уюштурулмакчы.