Сүлүктүнүн баш имамы  жаштарга  билим таймашын уюштурду

Сүлүктү шаарынын баш имамы Артык Мадаминов Сүлүктү шаарындагы «Нурвали» борбордук мечиттинде жаштарга билим таймашын уюштурду.

Иш-чарага жергиликтүү жаштар катышып, Ислам дини, адеп ахлак багыттындагы түрдү суроолорго жооп берип күч сынашты.

Билим таймашы жаштардын Ислам дини, адеп ахлак туурасында  маалыматтын жогорулатуу, интеллектуалдык деңгээлин өстүрүү, туура  таалим берүү максатында өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарбынан  кызыктыруучу белектер  тапшырылды