Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшеев студенттер менен жолугушту

Баткен облусунун Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшеев Абдулло ибн Аббас Ислам институтунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда окуу жайдын студенттерин  жаңы окуу жылы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле илим алууга кызыктырып, азыркы мезгилде билим алууга түзүлгөн мүнкүнчүлүктөр туурасында  айтып, өлкө келечеги болгон жаштарга илим алуу эки дүйнөдө жарык берүүчү чырак экендигин белгилеп, тажрыйбасы менен бөлүштү.