Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев чет элдик туристтерди кабыл алды

Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев Түркиянын Измир шаарынан Ош шаарына турист катары келген Ахмед Карачаг баштаган чет элдик жарандарды кабыл алды.

Жолугушууда Убайдилла ажы Сарыбаев чет элдик конокторду жылуу тосуп алып, аларга кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпак кийгизди. Ал эми Ахмед Карачаг Кыргызстандын ичинен Ош жергесине жасага саякаты менен бөлүшүп, кыргыз элинин меймандостугуна, ажайып кооздугуна суктанганын кошумчалады.

Маалым болгондой, Оштогу “Сулайман-Тоо” мечитинде намаз убактысында туристтер көп келгендиктен, чет элдик коноктор менен жолугушуулар дагы да уланмакчы.