«Достук» мечитинин алдыңкы тарабы жабылууда

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинин жергиликтүү жамааты каражат топтоп, мечиттин алдындагы 250 чарчы метр жерди жабуу иштерин жүргүзүүдө.

«Айрыкча жума күнү мечитке келген бир тууган мусулмандарыбыз көп келишет. Жаан-чачын жааган убакта сыртта калып, ыңгайсыздык жаралды. Мындан улам жергиликтүү жамаат 35 миң сом каражат топтоп, мечиттин алдыңкы тарабын жаап жатабыз»,-деди мечит имамы Хасан Рахимов.

Эске сала кетсек, Жайыл районунун хатибиятынын жылдык иш планынын негизинде быйын райондогу бардык мечиттерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлмүкчү.