Ленин районунун имамдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ, 8-сентябрда Бишкек шаарындагы Ленин районунун имамдары КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, учурдагы диний кырдаал боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда ар кандай себептерден улам каттоодон өтө элек мечиттерди тез аранын ичинде каттоодон өткөрүү, мамлекет менен дин кызматкерлеринин тыгыз иш алып баруусу жана эли жерибиздин тынчтыгы үчүн биргелешип кам көрүү маселелери каралды.

Ленин районунун имам хатибинин орун басары Болот ажы Кулуев район аймагындагы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө колдон келген аракетин көрүшө турганын белгиледи.