Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарынын имамдардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков шаардык мечиттердин имамдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында баардык мечиттерди кыдырып, имамдар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаардагы мечиттердин тазалыгын карап, имамдардын күнүмдүк турмушу менен жакындан таанышты.

Мындан сырткары “Ислам тынчтыктын дини” аталышта сабак өтүп, мектептерге жана ЖОЖ студенттерине таалим-тарбия сабактарын өтүп, коомчулук менен болгон иш-аракеттерди жандандыруу тапшырмасы берди.

Ошону менен бирге кайрымдуулук иштерине, кароосуз калган кары-картаңдарга болгон жардам жана мечиттин ондоп-түздөө, каттоодон өткөрүү иштерине көңул бурулуусу туурасында эскертме берди.