Калыс Ордодо 15 жаш жеткинчек кыздар 2 айлык курстан өтүштү

Бишкек шаарындагы Калыс Ордо жаңы конушунда жайгашкан «Латифа» мечитинде 15 кыз эки айлык окуу курсун аяктап, сертификаттарды алышты. Бул тууралуу мечитттин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиев бүгүн, 9-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, кыздар июль жана август айларында намаз окуунун эрежелери, Куран алиппеси жана адеп ахлак сабактарын өтүшкөн.

“Мектеп жашындагы кыз балдарга эки ай сабак уюштурдук. Эки мугалимди сүйлөшүп, айына 10 000 сомдон жамаатыбыз төлөп жакшы жөрөлгөнү уюштурдук»,-деди Нурбек ажы Исманалиев.