«Жанбото ата» мечитинин жамааты 5 балалуу энеге акчалай жардам көрсөтүштү

Бишкек шаарындагы «Жанбото ата» мечитинин имам хатиби Муратов Камилжандын демилгеси менен мечиттин жамааты жума сайын кайрымдуулук иш-чарасын улантууда.

Аз болсо да жума сайын муктаж үй бүлөлөргө мечиттин атынан акчалай жардам көрсөтүлүүдө. Бул жолу турмуштун сыноосу менен оор абалга дуушар болгон 5 балалуу үй бүлөгө 2500 сом акчалай жардам берилди.

«Биздин негизги максат чоң суммадагы жардам берип муктаждарды көтөрүп салуу эмес. Биздин максат мусулман коомчулугуна бири-бирине жардамдашууну үйрөтүү болуп саналат. Аз аздан баштап жардам берүүгө көнсөк, буюрса келечекте чоң кайрымдуулуктарды жасообузга Аллах Таалам ийгилик эшигин ачат деген терең ишеничтебиз»- деди Камилжан ажы.